wrapper

Среда, 11 Апрель 2018 14:59

ИИМ: Тогуз-Торо районунда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Written by
Rate this item
(1 Vote)

Бүгүн, 2018-жылдын 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмалалтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Азыркы учурда, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылды.
Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылганы менен жолдор тосулганына байланыштуу, өрттөнүп жаткан жайга барууга мүмкүн болгон жок.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери башталып, иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган окуяга юридикалык жактан баа берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read 145 times Last modified on Четверг, 12 Апрель 2018 10:09

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54