wrapper

Среда, 13 Декабрь 2017 09:41

Сокулук РИИБнин кызматкерлери оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

2017-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында Сокулук РИИБне жаңы конуштардын биринен адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, болжол менен 30-35 жаштардагы азият улутундагы эркек адамдын жансыз денесин табышып, денесинде көптөгөн жаракаттар бар экендигин аныкташкан. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташып, ал 33 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан.
Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 33 жаштагы М.М. аттуу жаран кармалган.
Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичишкен. Жолдон уруша кетишип, чыры мушташка айланган. Натыйжасында маркумдун денесине оор жаракат келтирген соң, аны ошол жерге таштап, шектүү үйүнө кетип калган. Маркум алган жаракатынан ошол жерден каза болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүүнүн негизинде адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы

Прочитано 353 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54