wrapper

Среда, 13 Декабрь 2017 18:06

Жалал-Абад жаштары үчүн “Экстремизмге, терорризмге жана эрте турмуш курууга каршы” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ИИМдин ЭжММКАК, Жалал-Абад ОИИБнин, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы, жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери, эл аралык толеранттуулук борбору, дин өкүлдөрү менен биргеликте 200 ашуун студенттердин катышуусу менен “Экстремизм жана терорризмге каршы күрөшү”, “Эрте турмуш курууга бөгөт кою” жана “Суидцидди алдын алуу” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты жаштарды терс көрүнүштөн оолак болууга жана социалдык тармактан ар кандай адамдын ишеничине киргизип алдоо максатында жайылып жаткан маалыматарга ишенбөөгө чакырып, ошондой эле кылмыштуулукка, эрте турмуш курбоого жана өз өмүрүнө кол салууга барбоого үгүттөө болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭжММКАКнын өкүлдөрү жаштарга дүйнөдөгү экстремистик көрүнүштөрдүн өсүү тенденциясын, коопсуздуктун негизги коркунучтарын жана ушуга байланыштуу ички иштер органдары ар кандай маанидеги экстремистик уюмдардын укукка жат ишмердүүлүгүн аныктоого жана бөгөт коюу боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, жол кырсыгы, эрте турмуш курбоо жана суидцидди алдын алуу боюнча маалыматты тиешелүү кызматкерлери маалымат катарында айтып өтүштү. Мындан сырткары, студенттер арасында жогорудагы темалар боюнча дилбаян жазышып, жыйынтыгында мыкты жазган студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган иш-чаралар шаардык, райондук мектептерде жана окуу жайларда өткөрүүлүдө.


Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Прочитано 212 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54