wrapper

Четверг, 14 Декабрь 2017 17:07

Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

2017-жылдын 11-декабрь күнү Кемин РИИБне Токмок шаарынын 38 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 2000-жылы туулган О.Н. аттуу уулу 9-декабрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин билдирген. Туугандары жашы жете элек баланы белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат беришкен.
Бул факты боюнча Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобунун тажрыйбалуу кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. Жогорудагы кылмыш ишин толугу менен иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобунун тажрыйбалуу кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжасында өзгөчө оор кылмыш иши жасалгандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү катары 17 жаштагы жаранды кармашкан
Тергөө учурунда бул кылмыш ишине дагы 7 адамдын тиешеси бардыгы аныкталып, алар өспүрүмдөр, жогорку класстын окуучулары, жогорку окуу жайлардын жана колледжтердин студенттери болуп чыккан.
Маалымат боюнча бул кылмыш иши ортодогу уруштун айынан жасалган. 9-декабрь күнү каза болгон бала менен кармалган жарандар ортосунда уруш чыгып, шектүүлөр сабап салышкан. Шектүүлөр жабырлануучу баланы моюн тарапка урушуп, бирөөсү катуу зат менен урган жана моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүп салышкан. Сабалган бала алган жаракатынан кийин каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүүлөр өлгөн баланы капчыгайга таштап, үстүн таштар менен көмүп коюшкан. Андан соң, алар үйлөрүнө кетип калышкан.
Милиция кызматкерлери оор кылмыш иши болгон жерди аныкташып, 17 жаштагы О.Н. аттуу маркумдун жансыз денеси Кемин шаарынын жанындагы капчыгайдан табылган. Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча тийиштүү эскпертизалар дайындалган.
Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин тажрыйбалуу кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 18 жаштагы Н.И., Ж.А., 17 жаштагы Т.М., Б.М., Р.Б., Ж.К., жана 16 жаштагы Б.А. аттуулар кармалган. Кармалган жарандар Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилишип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы

Прочитано 299 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54