wrapper

Вторник, 06 Февраль 2018 11:55

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан дүкөндөрдү тоноп, каракчылык менен алектенишкен топ кармалды (ФОТО, ВИДЕО)

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

Ленин РИИБне Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 3-февраль күнү болжол менен саат 23:44 чамасында “Жал” кичирайонунда жайгашкан арыз ээсинин дүкөнүнө бет капчан белгисиз адамдар кирип келишип, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен сатуучуларды коркутушуп, кассадан 80 000 сомун алып кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Бул факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББдин жана шаардык райондордун ыкчам кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, бир ай мурда эркиндикке чыккан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топ бет кап менен дүкөндөргө кирип келишип, каракчылык менен кол салып жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып, ошондой эле, башка каракчылык боюнча 6 фактыга тиешеси бардыгын мойундарына алышкан.
Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда кылмыштуу топтун кезектеги кол салууга даярдык көрүлүп жаткан жеринен кармашкан. Кылмышка шектүүлөрдү текшерүү учурунда 3 медициналык бет кап, 2 тапанча, револьвер тутумундагы октору , 4 уюлдук телефон, белгисиз суюктугу менен шприц жана буюмдар далил катары алынган.
Кармалгандар 1987-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган Г.А. аттуу шектүү жарандар болуп, мурда соттолгондору аныкталган. Табылган предметтер жана буюмдар тиешелүү соттук экспертизага жиберилген.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

27785230 775658225958110 366615063 o 27786794 775658215958111 359051163 o 27785382 775658209291445 395528030 o
Газаев Анвар-Ахметали Суфиянович, 1976 года рождения, ранее судим по ст. 234 и 246 УК Кыргызской Республики Мусин Артур Ильясович
1987 года рождения, , ранее судим по ст. 246, 336 УК Кыргызской Республики. (освобожден 28.12.2017 года)
Дергачев Артур Владимирович, 1987 года рождения, ранее судим по ст. 246, 336 УК Кыргызской Республики. (освобожден 28.12.2017 года)

Учурда кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда. Эгерде, жогоруда көрсөтүлгөн кылмышкерлердин колунан жабыркагандар болсо, төмөнкү номурлар аркылуу билдирүүңөрдү суранабыз:0(312)54-41-84;0778-77-37-37.

Прочитано 1207 раз Последнее изменение Вторник, 06 Февраль 2018 13:56

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54