wrapper

Среда, 21 Февраль 2018 15:22

Биринчи май райондук милиция кызматкерлери автоунааны айдап качкан жаранды кармашты

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Бишкек шаарында жайгашкан ишканалардын биринде токтоп турган “Мерседес Бенц 124” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жаран айдап качып кеткен.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча автоунаанын ээси арыз менен Биринчи май райондук милиция башкармалыгына кайрылып чара көрүлөөрүн суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен (автоунааны укукка түрдө ээлеп алуу) кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1992-жылы туулган Я.И. аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Автоунаа эсине кайтарылып берилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Прочитано 360 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54