wrapper

Среда, 21 Февраль 2018 15:24

Октябрь райондук милициясы тарабынан алдамчылык фактысынын бети ачылды

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

2017-жылдын декабрь айында «Кастер» аттуу жаран жүк ташуу шылтоосу менен жабырлануучудан 2800 АКШ долларын алдап алып, ушул күнгө чейин изин жашырып качып жүргөн.
Жогорудагы факты боюнча шаардын фирмаларынын биринин кызматкери арыз менен кайрылган.
Бул кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Октябрь райондук милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп, жогорку кылмышка шектүү катары Казакстан Республикасынын 1987-жылы туулган Ж.К. аттуу жараны кармалган. Кылмышка шектүү дагы башка ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда.
Кармалган жаран эки айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Прочитано 446 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54