wrapper

Среда, 21 Февраль 2018 18:26

Бишкек ШИИББде укук коргоо органдарынын тергөө кызматтарынын бөлүмдөр аралык жыйыны өттү

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

2018-жылы 20-февралда Бишкек ШИИББде ички иштер органдарынын тергөө аппаратынын бөлүмдөр аралык жыйыны болуп өттү.
Бул иш-чарага Бишкек шааарынын прокурору А.Халмурзаев, Бишкек ШИИББнин башчысы Сталбек Рахманов, Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Канетова, Бишкек шаарынын райондук прокурорлору, Бишкек РИИБнын башчылары, укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана тергөө аппаратынын жетекчилери катышты.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын соту Ж.Мамбеталы жана Октябрь райондук соту Э.Чоткараев чакырылды. Бөлүмдөр аралык жыйынга 200 кызматкер катышты.
Жыйында оор көйгөйлөр, курч суроолор, актуалдуу маселелер жана коомду кооптондурган кылмыштар тууралуу талкууланды. Жыйналышта тергөө кызматынын уюштуруу иштерин жакшыртуу, кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар сунуштар айтылды. Тергөө аппаратынын ишин бекемдөө жана ишине шарт түзүү, социалдык льготаларын түзүү, тергөө кадрларын бекитүү программасын иштеп чыгуу, кылмыштуулуктун бетин ачуу ишин жакшыртуу үчүн заманбап техникалык жабдуулар жана криминалистикалык техникалар менен камсыз кылуу, акчалай сыйлык менен кымсыз кылуу жана наамдарын жогорулатуу багыттарында суроолорго көңүл бурулду.
Бөлүмдөр аралык жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын прокурору тарабынан өз ара байланышын жакшыртуу зарылдыгы боюнча укук коргоо органынын тергөө аппаратына билдирди.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Прочитано 491 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54