wrapper

Четверг, 22 Февраль 2018 16:41

Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Автор
Оцените материал
(0 голосов)

Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында Биринчи май РИИБне каракчылык жазалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда белгисиз жаран дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркутуп акча талап кылгандыгы белгилүү болгон.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, кылмыштын изин суутпай 1964-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран кармалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө иштери улантылууда.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Прочитано 432 раз

Наши контакты

Адрес; 720040, г.Бишкек ул. Фрунзе 469

Милиция: 102

Телефон доверия: +996 312 26 60 27

Общественная приемная граждан:

+996 312 26 60 64

Пресс-служба МВД КР:

+ 996 312 26 62 90

(тел/факс), +996 312 26 62 54